Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдетүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян үчүн автранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдетүү камсыздандыруу жаатындагы мамилелерди жөнгө салуунун укуктук, экономикалык жанан уюштуруучулук негиздери аныкталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 30-июль