Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамга толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучуларга накталай же накталай эмес формада төлөө ыкмасын тандоо укугун кеңейтүү менен накталай эмес эсептешүү үлүшүн көбөйтүү.

Мыйзам расмий жарыяланган  күндөн тартып эки айдан кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 29-июль