“Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” төрт Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин үч Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 137  адамды кабыл алуу тууралуу, алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар – тарыхий мекенине кайтып келген Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары.

Кыргыз Республикасынын Президентинин дагы бир Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 56  адам чыгарылат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 29-декабрындагы  № 303 “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 29-декабрындагы  № 304 “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 29-декабрындагы  № 305 “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 29-декабрындагы  № 306 “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти

 

5-январь, 2017-жыл
Басып чыгаруу