Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-январда  өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана өлкөнүн коргонуу жөндөмүн арттыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Тактап айтканда, Темир Жумакадыров  өлкө Президентине терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын бүтүндөй комплекси активдештирилип жаткандыгы тууралуу баяндады.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров ошондой эле өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоонун жүрүшүн да талкуулашты.

4-январь, 2017-жыл
Басып чыгаруу