Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек жана Ош шаарларында балдар ойночу 20 аянтча ачууга финансылык колдоо көрсөттү

Бүгүн, 2015-жылдын 24-июлунда, Бишкек шаарынын Ленин районундагы Самойленко көчөсүндө балдар ойночу аянтчанын ачылышы өткөрүлдү.

Балдар аянтчасы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  колдоосу, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын демилгеси ачылды.

Ушул долбоордун алкагында жакынкы аралыкта Бишкек шаарында 12 жана Ош шаарында 8 балдар аянтчасы ачылат. “Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын демилгесин колдоп, финансылык  жардам көрсөттү. Мындай аянтчалардын ачылышы балдарыбыз үчүн абдан чоң мааниге ээ. Балалык мезгил, чоңойгон үй жана короо тууралуу жылуу эскерүү балдарды өмүр бою коштоп жүрөт деп ишенгиң келет”,- деп белгиледи иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүльмира Кудайбердиева.

Балдар аянтчаларын ачууга каражаттар Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүндү.

2015-жыл 24-июль