Азербайжан Президенти Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти  Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Кирип келген жаңы 2017-жыл менен Сизди чын ниетимден куттуктайм! 2017-жылы Азербайжан менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтык жана салттуу достук байланыштар өнүгүп жана бекемдейт деп ишенем», - деп айтылат телеграммада.

Азербайжан Республикасынын Президенти  Президент Алмазбек Атамбаевге бекем ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык менен бакыбаттык каалады.

31-декабрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу