Беларусь Президенти Александр Лукашенко Президент Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Жаңы, 2017-жыл менен чын дилимден куттуктоону кабыл алыңыз. Беларусь-кыргыз мамилелеринин жогорку динамикасын, биздин өлкөлөрдүн салттуу достук байланыштарын бекемдөөгө болгон эки тараптын ниетин канааттануу менен белгилейм», - деп айтылат телеграммада.

Беларусь Республикасынын Президенти өз ара ишенимге жана өнөктөштүккө негизделген мамлекеттер аралык диалогдун мындан аркы өнүгүшү  Беларусь менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтыкты арттырууга өбөлгө болоруна ишенерин билдирген.

Александр Лукашенко Президент  Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, бакыт жана пландар менен саамалыктарды ишке ашырууда ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтык менен гүлдөп өсүүнү каалады.

31-декабрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу