Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзёев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана өлкөнүн элин Жаңы жыл менен куттуктады. 

Өзбекстан Республикасынын Президентинин куттуктоо телеграммасында өтүп бараткан жыл өзбек-кыргыз саясий диалогу активдешкен, эки тараптуу кызматташтык ачык-айкын практикалык мазмунга толгон жылы болуп калганы белгиленген.

«Өзбекстан менен Кыргызстандын Өкмөттүк делегацияларынын Анжиян жана Ош шаарларына визиттери биздин өлкөлөр менен элдер ортосундагы кошуналык жана достук мамилелердин бекемделиши үчүн ишенимдүү пайдубал түздү.

Сиздин жакында Самаркан шаарына жасаган ийгиликтүү визитиңиз эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана келечеги, топтолуп калган маселелерди чечүүнүн жолдору тууралуу ачык пикир алмашуу биздин кызматташтыктын жаңы барагын ачат.

Соода-экономикалык, транспорттук-коммуникациялык жана гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу байланыштарды арттыруу, ошондой эле региондор ортосундагы өз ара аракеттешүүнү илгерилетүү боюнча Сиз менен жетишкен макулдашууларды жүзөгө ашыруу мамлекеттер аралык мамилени Өзбекстан менен Кыргызстандын кызыкчылыктарына төп келген өнөктөштүктүн жаңы сапаттуу деңгээлине алып чыгат», - деп белгиленет телеграммада.

Президент Шавкат Мирзиёев 2017-жыл эки өлкөнүн тыгыз кызматташтыгында жаңы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди алып келерине ишеним билдирди жана Президент Алмазбек Атамбаевге ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгилик, ал эми боордош  Кыргызстан элине – мындан ары да прогрессти жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

31-декабрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу