Президент Алмазбек Атамбаев коррупция тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө Мыйзамдын идеясын олуттуу жана маанилүү деп атады жана айрым карама-каршылыктарды четтетүү үчүн аны Жогорку Кеңешке кайтарды

Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө" Мыйзамды айрым карама-каршылыктарды четтетүү үчүн Жогорку Кеңешке кайтарды.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын ноябрында кабыл алынган. Ал коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды куугунтуктоодон коргоого багытталган.

Президент Алмазбек Атамбаев коррупция тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө Мыйзамдын идеясын олуттуу жана маанилүү деп атады жана аны негизинен колдойт, бирок, бул редакциясында Мыйзамга кол коюуга мүмкүн болбой жаткан жана толуктап иштеп чыгууну талап кылган айрым карама-каршылыктарга Мыйзамды иштеп чыккандардын көңүлүн бурат.

Тактап айтканда, Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди гана коргоону карайт. Андай болгондо коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген мамлекеттик эмес сектордо иштеген башка жарандарды, ошондой эле жумушсуздарды жана ардагерлерди бул Мыйзам коргобойт. Демек, алар коррупционерлердин куугунттуктоолорунан коргоосуз калышат. Бул укуктук мамлекеттин негизги принциптеринин бирине: мыйзам алдында жана сот алдында баары тең деген принципке карама-каршы келет.

Мындан тышкары, Мыйзам Конституцияда көрсөтүлгөн бюджеттик жөнгө салуу ченемдерин, ошондой эле Өкмөтттүн ыйгарым укуктарын эске албайт. Мыйзамда коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сыйлык (бир миллион сомго чейин) төлөө каралган. Бирок ушул күнгө чейин Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталган эмес, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Мыйзамдын күчүнө киришине жол бербейт.

Ошондой эле бул мыйзамдын коррупция фактылары тууралуу билдирген чиновниктерди акчалай сыйлоо тууралуу ченеми көп сандагы мамлекеттик кызматкерлерди кучагына алган жаңы коррупциялык каналдарды пайда кылышы мүмкүн экенин эске алуу керек.

Ушуга байланыштуу Мамлекет башчысы “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө” Мыйзамды кемчиликтерди четтетүү жана макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн парламентке кайтарды.

 

31-декабрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу