Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий сапарынын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Бүгүн, 2015-жылдын 12-июлунда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында, кеңири курамдагы жолугушуулардан соң кыргыз-индиялык эки тараптуу  макуладашууларга кол коюу салтанаттуу аземи өткөрүлдү.

Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев менен Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосунда Биргелешкен Билдирүү кабыл алышты.

Андан тышкары, Кыргызстандын Мамлекет башчысынын жана Индиянын Премьер-министринин катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда аскердик тармакта кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

• Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Индия Республикасынын Маданият министрлигинин ортосунда маданият, искусство, жаштар, спорт жана ЖМК тармактарында макулдашуу.

• Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдары өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы менен Индия Республикасынын  Шайлоо комиссиясынын ортосунда шайлоолор тармагында кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

• Кыргыз Республикасынын Экономика  министрлиги (Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор (СМБ) менен Индия стандарттарынын бюросунун (BIS) ортосунда меморандум.

2015-жыл 12-июль