Президент Алмазбек Атамбаев Кубанын Мамкеӊешинин жана Министрлер кеӊешинин Төрагасы Рауль Кастрого көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Фидель Кастронун дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көӊүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Куба Республикасынын Мамкеӊешинин жана Министрлер кеӊешинин Төрагасы Рауль Модесто Кастро Руска көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Фидель Кастронун дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көӊүл айтты.

«Кубанын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, улуу команданте Фидель Кастронун дүйнөдөн кайтышы жөнүндө кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым. Бул Куба жана Куба эли үчүн орду толгус оор жоготуу. Фидель Кастро Куба Республикасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө кыйла салым кошкон, Куба революциясынын жол башчысы жана дүйнөлүк масштабдагы тарыхый инсан катары эсте калат. Сизге, сиздердин туугандар менен жакындарга жана бүт Куба элине чын ыкластан көӊүл айтуу жана колдоо сөздөрүмдү кабыл алып коюңуздар», - деп айтылат Мамлекет башчысынын в телеграммасында.

26-ноябрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу