“Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” төрт Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин үч Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 391  адамды кабыл алуу тууралуу, алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар – тарыхий мекенине кайтып келген Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары.

Кыргыз Республикасынын Президентинин дагы бир Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 135  адам чыгарылат.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 277  “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 278 “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 279 “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 280 “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” ” Жарлыгынын тексти

 

 

28-ноябрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу