Зайырбек Эргешов Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык Эргешов Зайырбек Жолчуевич  берген арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.

28-ноябрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу