Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кабыл алды.

Борбор шаар мэри Мамлекет башчысына Бишкек шаарын өнүктүрүү программасын аткаруу, анын ичинде инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча муниципалдык бийлик органдарынын иши жөнүндө баяндап берди.  Мэр жолдорду реконструкциялоо жана оңдоо, башка жол инфраструктураларын өнүктүрүү жана шаардык кызмат кызмат көрсөтүү тармактарынын иштерин жакшыртуу маселелерине көбүрөөк токтолду.

Кыргызстан Президенти белгиленген программаларды жана өлкөнүн башкы шааарын өнүктүрүү долбоорлорун жүзөгө ашыруунун, шаар тургундарынын турмуш шарттарын жакшыртуунун жана Кыргыз мамлекетине келген конокторду татыктуу тосуп алуунун  маанилүү экенин баса белгиледи.

«Бишкектин жашыл шаар атагын кайтаруу, Кыргызстандын борбору адамдардын жашоосу үчүн коопсуз, жайлуу жана ыңгайлуу болушуна жетишүү зарыл», - деди Президент Алмазбек Атамбаев.

28-ноябрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу