Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылы 12-октябрда кабыл алган.

Бул Мыйзам менен  Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген толуктоолордо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын каражаттар фондун  киреше салыгы алынбаган кирешелер түрлөрүнө, ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү кошулбаган төлөмдөр түрлөрүнө киргизүү каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

21-ноябрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу