Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевди кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 29-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн реформалоого жана модернизациялоого, ошондой эле Кыргызстандын коргоонуусун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга тиешелүү маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги менен Кыргызстанга  заманбап аскердик техникаларды жана курал-жарактарды жеткирүүнүн жүрүшүн талкуулады.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо үчүн Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн кайра куралдандыруунун жана модернизациялоонун маанисин белгиледи.

2015-жыл 29-январь