Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Тынчтыктын, ак ниет коңшулуктун, тилектештиктин жана табигат менен тыгыз байланышта жашоонун белгиси болгон Нооруз майрамы жаңы күндүн, жаңы башталыштардын жарчысы болуп саналат. Жалпы адамзаттын бай маданий мурастарынын ажырагыс бир бөлүгү катары таанылган бул жаркын майрам жогорку гуманисттик идеяларды ичине камтуу менен элдердин ортосундагы достукту жана биримдикти бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ. Бул майрам Сиз үчүн жана Сиздин өлкөнүн жалпы боордош эли үчүн бакыт, кубаныч жана жаңы ийгиликтер менен коштолсун», — деп белгиленет Түркмөнстан Президентинин куттуктоосунда.

2020-жыл 21-март