Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Россия Президенти Владимир Путин Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, 2020-жылдагы Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы Кайчылаш жылынын жана ушул жылдын 28-ноябрында Бишкекте өтө турчу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сессиясынын алкагында иш чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.
Эскерте кетсек, буга чейин Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинден куттуктоо телеграммасын алган.