Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

«Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчилигинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм.  Сизге мамлекеттик жогорку кызматыңызда мындан ары да ийгиликтерди, чыгармачылык дем, бекем ден соолук, бакыт-таалай каалайм.

Учурдан пайдаланып, Сиздин региондо туруктуулукту жана тынчтыкты сактоо, Россия жана Кыргызстан элдеринин коопсуздукту камсыз кылуу жана улуттук кызыкчылыгын коргоо максатында биздин өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын өз ара аракетин колдоп жатканыныз үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деп айтылат куттуктоо телеграммада.

 

2019-жыл 16-ноябрь