Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.
«ЖККУ мүчө мамлекеттер Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий системасын, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, коргонуу түзүлүштөрүн жакшыртуу боюнча жасаган ырааттуу аракетин чоң ыклас менен кароодо.
Кыргызстан эл аралык аренада кадыр-баркка ээ, региондогу өлкөлөр менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө умтулууда. Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын ЖККУ төрагалыгынын маанилүү функцияларын ийгиликтүү аткаргандыгын жана Уюмдун алкагында аскердик-саясий кызматташууну бекемдөөгө көрүнүктүү салым кошконун өзгөчө белгилеп кетүү керек, „- деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.
Валерий Семериков Сооронбай Жээнбековго ден соолук, бакубаттуулук жана Кыргызстан эли үчүн жасаган мамлекеттик ишинде чоң ийгиликтерди каалаады.