Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Армения Президенти Армен Саркисян менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 16 ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Армения Республикасынын Президенти Армен Саркисян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Армения Президенти Армен Саркисян Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен жылуу куттуктап, бекем ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Ошондой эле Мамлекет башчылары кыргыз-армян мамилелеринин актуалдуу маселелери, анын ичинде евразиялык интеграциялык биримдиктин алкагында өз ара мамилелерди бекемдөө механизмдерин, эки тарапка кызыкчылыкты жараткан бардык тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты.

2019-жыл 16-ноябрь