Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын жана Түркмөнстандын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте түркмөн тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 9-август