Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сауд Арабия Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады

Сауд Арабия Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш Күнү менен куттуктады.

«Сиздин өлкөңүздөгү Жеңиш Күнүнө байланыштуу Сауд Арабия элинин, Сауд Арабия Королдугунун Өкмөтүнүн атынан жана өз атымдан Сизди, Улуу урматтуу, зор канааттануу менен жана чын ниеттен куттуктайм, Сизге ден соолук жана бак-таалай, ал эми бир тууган Кыргызстан элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалайм. Биздин саламыбызды жана сый-урматыбызды кабыл алып коюңуз», — деп белгиленген Сауд Арабия Королунун телеграммасында.

2019-жыл 9-май