Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониядагы ташкындоолор жана жер көчкүлөр көптөгөн адамдардын курман болушуна жана кыйроолорго алып келгенине байланыштуу Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков көптөгөн адамдардын курмандыгына жана кыйроолорго алып келген Япониянын борбордук жана түштүк-батыш бөлүгүндөгү ташкындоолорго жана жер көчкүлөргө байланыштуу Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге көңүл айтты.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана өз атымдан курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниеттен көңүл айтам, ошондой эле жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Бул жаман кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

2018-жыл 9-июль