Президент Сооронбай Жээнбеков Ирандын Президенти Хасан Роуханини Революция күнү менен куттуктады

Бүгүн, 11-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханини Ислам Революциясынын жеңишинин 39 жылдыгы менен куттуктады.

“Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы салттуу достук жана кызматташтык мамилелер мындан ары дагы эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн ырааттуу өнүгө берет деп ишенем”,-деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ирандын  Президенти Хасан Роуханиге чың ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми иран элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

 

11-февраль, 2018-жыл
Басып чыгаруу