Президент Алмазбек Атамбаев жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болгондугуна байланыштуу Иран Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ирандын батыш провинцияларындагы жер титирөөнүн кесепетинен көп адамдар каза таап, олуттуу талкалоолор болгондугуна  байланыштуу Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты.

“Каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыр тарткандардын бардыгы тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”, -деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

 

13-ноябрь, 2017-жыл
Басып чыгаруу