Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Барселонадагы теракттын кесепетинен Испания жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу Испаниянын королуна көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Барселонадагы теракттын кесепетинен Испания жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу Испаниянын королу Филипп VI көңүл айтты.

“Барселонадагы   бейпил  жарандардын арасында  курмандыктарга алып келген теракт тууралуу кайгылуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан  бул адамкерчиликсиз кылмышты чечкиндүү түрдө айыптайт. Терроризмдин ар кандай  актылары алардын себептерине карабастан эч кандай актоого болбой турган кылмыш болуп саналат”,- деп айтылат  Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев  каза болгондордун жакындарына жана жалпы  испан элине  жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыр тарткандар тезирээк сакайып кетишин каалады.

2017-жыл 18-август