Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына жумушчу сапар менен келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-сентябрда Россия  Федерациясына жумушчу сапар менен келди.

Сапардын  жүрүшүндө Мамлекет башчысынын Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен Сочи шаарында жолугушуусу пландаштырылып жатат. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана  ЕАЭБ алкагында тараптардын өз ара аракеттенишүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланмакчы.

 

14-сентябрь, 2017-жыл
Басып чыгаруу