Президент Алмазбек Атамбаев Нарын шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн курулуп жаткан көп батирлүү турак жайдын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-сентябрда, Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарында  Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн курулуп жаткан  көп батирлүү турак жайдын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысы үйдүн курулушу кандай жүргүзүлүп жаткандыгы менен таанышып, курулуш жумуштарынын сапатына өзгөчө көңүл бурду.

8-сентябрь, 2017-жыл
Басып чыгаруу