Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын аскер сотторунун судьяларынын кызмат орундарында ыйгарым укуктарды жүргүзүүнүн токтотулушу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлык боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин З-бөлүгүнө, аскер сотторунун судьяларынын штаттык бирдиктерин Кыргыз Республикасынын тиешелүү жергиликтүү сотторуна өткөрүп берүүнү караган 2016-жылдын 23-декабрындагы № 216 «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана 2016- жылдын 23-декабрындагы № 217 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылынды:

1. Жергиликтүү соттордун төмөнкү судьялары үчүн аскер сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү 2017- жылдын 1-мартынан баштап токтотулду:

Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьялары:

- Джунусов Эркин Маткаримович;

- Сулайманов Жолдошбек Атакеевич;

Бишкек гарнизонунун Аскер сотунун судьялары:

- Карабеков Алмаз Маматбекович;

- Тентимишов Марлэн Бактыгулович;

Ош гарнизонунун Аскер сотунун судьялары:

- Кабылбеков Таалайбек Мейманжанович;

- Суеркулов Эрлан Оморалиевич.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2017-жыл 17-март