Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынын алкагында өткөн салтанаттуу аземде  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөндөгү жаңы мүчөлөрү ант беришти:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Исаков Сапар Жумакадырович;

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;

-Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович;

-Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Султанбекова Чолпон Аалыевна;

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Джумакадыров Темир Курмангазиевич;

- Өкмөт Аппаратынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри Момуналиев Нурханбек Сакенович;

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Абдылдаев Эрлан Бекешович;

- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Исраилов Улан Жумабекович;

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри Ахметов Уран Түлөндиевич;

- Кыргыз Республикасынын финансы министри Касымалиев Адылбек Алешович;

- Кыргыз Республикасынын экономика министри Новиков Артем Эдуардович;

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов;

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Боронов Кубатбек Айылчиевич;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Кудайбердиева Гүлмира Каримовна;

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Батыралиев Талантбек Абдуллаевич;

- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Казаков Түгөлбай Токтогулович;

- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Исакунова Таалайкүл Базаркуловна;

-Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Cегизбаев Абдил Кеңешевич;

- Кыргыз Республикасынын  Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Касымкулов Мирбек Абдыкаимович;

- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Рыскулов Уланбек Дуулатович;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы  Абасканов Нурбек Эсенканович.

7-сентябрь, 2017-жыл
Басып чыгаруу