Президент Алмазбек Атамбаев: “Тынчтык, ынтымакташтык жана туруктуулук - акыркы жылдары биздин жетишкендигибиз. Өлкөбүз, элибиз, турмушубуз көз көрүнө өзгөрүп жатат

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-августта “Ала-Тоо” борбордук аянтында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык  күнүнүн 26 жылдыгына арналган  иш чарага катышып, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзү:

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары!

Урматтуу чет элдик коноктор!

Бардыгыӊыздарды Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгы менен куттуктайм!

Бардыгыңыздарга чыӊ ден соолук, узун өмүр, бак-таалай каалайм! Бар болуӊуздар!

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн соңку тарыхтын 26 жылдыгын жыйынтыктап жатабыз. Кыргыз каганатынан көп кылымдардан кийин биз байыркы ата-бабалар жеринде өз мамлекетибизди – эгемендүү Кыргыз мамлекетин кайра куруп жатабыз.

Кыргыздын колдоочусу бар деген чын, тарыхтын таш боор сыноолорунан сактап келатат. Ал ортодо канчалаган элдер өз мамлекетине жете албай жүрүп, жок болду? Канчасы дагы эле эгемендүүлүктү эңсеп, кор болуп жүрүшөт?

Ата-бабаларыбыз көз карандысыздыкка, эркиндикке карай узак жол, бийик ашууларды басты. Ар бир карыш жери үчүн баскынчылар менен кармашып, далай каны төгүлдү. Бирде улуу Каганат курса, бирде туш-тушка чачылып, жок болуп баратып тирикти.

Ошондуктан 1916-жылы Үркүндө курман болгон ата-бабаларыбызга мемориал куруп жатканда мен эстеликке төмөндөгү алты сапты жаздыргам:

Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз.

Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз.

Чөп болдук жер тандабай өсө берген,

булуттай аалам кездик, чачылдык биз.

Кырылып бара жатып тирилдик биз.

Бөлүнүп бара жатып бириктик биз.

Урматтуу мекендештер!

1991-жылы Жараткан элибизге эгемендүү мамлекет куруп алуу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк берди.

Кыргыз эли, кыргызстандыктар 26 жыл ичинде кылымга тете окуяларды, сыноолорду башынан өткөрдү. Ошончо азапка чыдаган, сыноолорду жеңген, айкөл жана намыскөй элиме бүгүн ушул куттуу трибунадан миң мертебе алкыш айтам, таазим этем! Бар болгун, айланайын кыргыз элим, бар болгун!

Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу коноктор!

Мырзалар жана айымдар!

Баардыгыңыздарды эң башкы мамлекеттик майрам – Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Дүйнөдө  миңдеген түрдүү элдер болгону менен,  200 гана суверендүү өлкө бар!

Эгемендүү өз өлкөсүнө, көз карандысыз мамлекетке ээ болуу – Жараткандын улуу тартуусу, улуу бакыт! Биз муну баалашыбыз керек, өз өлкөбүздү, эгемендүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактоого тийишпиз!

Урматтуу мекендештер!

26 жылдын аралыгында өлкөбүз калыптануунун татаал жолун басып өттү. Экономикалык жана социалдык  оор сыноолорго туш болду. Ушул оор жылдары биз башка болуп өзгөрдүк. Биз күчтүү болдук. Өлкөбүз начарлаган жок, тескерисинче сыноолордо бышып жетилди.

Тилекке каршы 1991-жылы көз карандысыздык жөнүндө декларация кабыл алынгандан  кийин өлкөнүн чыныгы эгемендүүлүгүнө жетиш үчүн  көп иштер жасалган жок. Абдан татаал  өткөөл мезгил жыйырма жылга чейин созулуп, эл үчүн оор кыйынчылыктар  менен коштолду.

2010-жыл  өлкөбүз  кайсы бир мезгилде элестетүү кыйын болгон эң коркунучтуу сценарийге – катастрофанын кырына  келип такалышы мүмкүн экендигин таасын көрсөттү. Саясатчылардан тартып мамлекет башчыларына чейин  өлкө талкаланып, жок болуп кетет дегенге чейин барышты.2010-жылдагы  июнь трагедиясынан кийин  өлкөнүн түштүгүндө   коомдогу  чүнчүү сезими  жана депрессия андан дагы тереңдеди.

Ошону менен бирге, дал ошол жылдары кыргызстандыктар  кыйын мезгилде  бир жакадан баш чыгарганга укмуштуудай жөндөмдүү экендигин ырастады. Башка мүшкүл иш түшкөндө  биригип кетүү жөндөмдүүлүгү көп кылымдарды карыткан тарыхыбызда элибизге жөлөк болуп, тизелебей улам алдыга  умтулууга  жол ачкан

Кыргызстан 2010-жылы туш келген оор сыноо өлкөнүн  алдында турган эң курч маселени:  элге келечекке ишенимин кайтарып,  мамлекеттик институттарды дээрлик кайрадан  түзүп чыгуу  зарыл экендигин таасын көрсөттү.  Биз  кадыресе  өлкөдө, саясый жана мамлекеттик институттар кадимкидей иштеген, коррупциясыз өлкөдө, соттун өзүм билемдигисиз, таза шайлоо өтчү өлкөдө  жашайбыз деген ишенимин кайтарып берүү баарынан маанилүү болчу.

Чындыгында    кыргыз мамлекеттүүлүгүн карадан калыбына келтирип, элдин өлкөгө, өз элине, өз келечегине  болгон ишенимин  кайрадан калыбына келтирүү керек эле!  Болгону  мындан жети жыл мурда  жагдай  дал ушундай эле...

Бүгүн чындыкты танууга аракеттенгендерге, акты кара деп, караны ак дегендерге, Атамбаев президенттик кылган жылдары өлкө үчүн эч нерсе жасалган жок дегендерге, тарыхтын агымын кайра артка бурууга умтулгандардын эсине салып коёюн.

Ачык айтайын. Акыркы жылдары өлкөбүздө  буга чейин жыйырма жылдап чечилбей келген көйгөйлөр чечилип жатат.

Эң маанилүүлөрүн санап берейин.

Улуттук ресурстар арзыбаган тыйынга сатылбай калды. Мисалы биз “Жерүй” кен байлыгын 100 млн долларга саттык, буга кошумча  инвестор  мурдагы лицензия ээсине 65 млн доллар төлөп берди. Бир кезде  бул кен байлыкты иштетүүгө лицензия 300 сомго сатылган.

Республикабыз энергетикалык көз карандысыздыкка  жана энергетикалык сектордо туруктуулукка жетишти. Кварталдардын, райондордун свети өчүрүлгөнү бишкектиктердин эсинде. Бүтүндөй областтын светин жана  газын өчүрүп салуу мүмкүн болгонун бүт өлкө элинин эсинде.

Эки ири подстанцияны жана “Датка-Кемин” ЛЭП куруу менен өзүбүздүн электроэнергетикалык алкагыбызды түзгөнүбүз, Бишкектеги ЖЭБ түп тамырынан бери кайра куруу Кыргызстанды  электр энергиясы менен камсыз кылууда дээрлик кебелбес кылып койду десек болот.

Россиялык “Газпром” менен өнөктөштүк  жаратылыш газы жана ГСМ  жеткирүүдөгү көз карандылыктан  толук арылтты.

Биз жакшы жолдору бар мамлекеттердин катарына кошулууну карай ишенимдүү кадам шилтедик. Төрт жыл мурда бул жомок сыяктуу сезилчү. Бир нече  жыл мурда  ушул аянтыбыз дагы  жыртылып калган.  Азыр болсо борбордук аянт гана эмес негизги көчөлөр, эл аралык трассалар,  областтардын, райондордун борборлорундагы транспорттук инфраструктураны реконструкциялоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп жатат. Жакынкы эки жылда транспорттук көз карандысыздыкка жетишүү боюнча иштерди жыйынтыктап калабыз. Кыргызстан туюк мамлекеттен транзиттик өлкөгө айланат.  Мындан бир нече жыл мурда эле  биз бир областтан экинчисине, ал тургай бир айылдан экинчи айылга кошуна калктуу пункттар аркылуу, чек арачылардын, бажы кызматкерлеринин текшерүүсүнөн өтүп каттап калбадык беле.

Биз өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз.

Быйыл биз  фермерлерге кредиттерди 6-10% менен бере баштадык. 2009-жылы Өкмөт  дал ушундай эле кредиттерди 22 % менен берчү.

Билим берүү менен саламаттык сактоого өзгөчө көңүл бурулууда. Эгемендик жылдарынын аралыгында биринчи жолу мугалимдердин орточо айлык акысы  өлкөдөгү орточо айлык менен теңелди. 25 жылдын аралыгында   биринчи жолу!

Биз бардык социалдык милдеттенмелерди  толук аткарып жатабыз.

Эл аралык финансылык институттар бизди кедей  өлкө деп эсептебей калды.  Беш жылдын аралыгында  кедейчиликтин чеги  4,5 эсеге кыскарды.

Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү түп тамырынан бери  күчөтүлдү. Эми биз чыныгы, коргонууга жөндөмдүү аскерибиз бар деп ишенимдүү айта алабыз! Биздин территориябызга  уруксатсыз эч ким кире албайт. Мен муну коргоо министрлигибиз болсо армиябыз бар, министрлигибиз жок болсо армиябыз жок дегендерге айтып жатам. 30 сакалчан  бизге кол салганда бизде министрлик бар эле. 6 миң жоокер жана офицер  аракеттенип, генерал, аким барымтага алынган, аларга кун төлөнгөн. Аталышы менен мазмундун ортосунда айырма чоң. Бүгүн  катылгандарга  татыктуу жооп бере алган күжүрмөн  армиябыз бар.

Тышкы саясатта дагы чоң ийгиликтерге жетише алдык. Бүгүн биз чет элдик өнөктөштөр менен тең ата сүйлөшүп  жатабыз. Тышкы саясый көз карандысыздык саясатын биз  улуттук кызыкчылыктарды коргоо позициясынан жүргүзө  баштадык. Ошол эле учурда  коңшу өлкөлөр менен мамилеге  өзгөчө басым жасайбыз. Чек араларыбыз барган сайын  достуктун жана кызматташуунун  дарбазасына айланууда. Эгерде  мен президенттикке келген алгачкы жылдары ай сайын  чек аранын улам бир жеринде кагылыштар, ал тургай атышуулар катталчу. Азыр кырдаал түп тамырынан бери өзгөрүп жатканын көрүп турабыз.

Биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоого үйрөндүк. Эми  аны активдүү алга  жылдырууга милдеттүүбүз.

Мунун баары өзүнөн өзү ишке ашкан жери жок. Өлкөбүз, элибиз, жарандарыбыз катуу өзгөрдү.

Биз элдин улуттук аң-сезими болуп көрбөгөндөй өсүп жаткандыгын  көрүп турабыз. Кыргызстан эли   көп жылдар бою  сырттан таңууланган эрежелер, башкалардын чени менен жашоо, башкалардын маданиятына  ыңгайлашуу адаттарынан  арыла баштады. Анткени  өлкөнү жетектеген адамдар  жадагалса өз тарыхын, дүйнөдөгү байыркы элинин тарыхын жөндөп билген эмес.

Эгерде  мурда  өлкөбүздү  кезектеги жол тосуу, мамлекеттик мекемелерди басып алуу, светти, газды өчүрүү болгондугу тууралуу   кабарлар аркылуу таанышса, бүгүн Кыргызстанды таза шайлоолор, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, саясатта  жана экономикадагы албан-албан реформалар аркылуу  тааный  башташты.

Бүгүн Кыргызстан –  дүйнө туристтери сөзсүз көрүшү керек деп сунушталган он өлкөнүн бири!

Керемет жаратылышыбыздын жана элибиздин меймандостугунун аркасы менен гана сунушталбастан, туристтер үчүн коопсуз жана ишенимдүү өлкө катары сунушталып олтурат. Коопсуз жана ишенимдүү өлкө! Биз буга 5-6 жылдын ичинде гана жетише алдык. Чындыгында бул жылдар абдан  оор жылдардан болду.

Кыргызстан  жашаганга  жана бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу өлкөгө айланып баратат. Өлкөнү ишкерлер жана инвесторлор үчүн бейишке айландыруу милдети коюлууда.  Аны үчүн  реформалар, анын ичинде Конституциялык реформа дагы жүргүзүлдү. Текшерүү жүргүзгөн түзүмдөрдүн саны кескин кыскартылды. Дал ушул нерсе жакынкы 2-3 жылдын аралыгында өлкөбүздүн  экономикасынын кескин өсүшүн камсыз кылат.

Биз коррупцияга каршы системалуу күрөштү баштап, мамлекеттик башкаруу органдарын, айрыкча жогорку бийлик эшелондорун  бул жаман өнөкөттөн катуу тазалай баштадык. Коррупцияга каршы биз катуу күрөш жүргүздүк. Мени бул иште эч нерсе  - ким болсо да, кандай кызмат ээлебесе да, досум болобу же тууганым болобу, айтор, токтоткон жок. Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок. Акыркы беш жылдын аралыгында гана  7 миң коррупциялык ишмердик, анын ичинде  эң жогорку бийликтеги чиновниктерге карата  катуу чуулуу  кылмыш иштери аныкталды.

Мурдагы коррупциялык системага кайра кайтпайбыз. Кыргызстан эли эми  буга жол бербейт деп ишенимдүү айта алабыз.

Муну   таптакыр акылсыз же эсинен ажыраган адам гана көрбөй калышы мүмкүн. Албетте, муну эсинен жана абийиринен ажыраган айрым саясатчы сөрөйлөр дагы “көрбөй”  калышы ыктымал.

Мунун сыры жөпжөнөкөй.  Жакында Президенттик шайлоолор болот.  Мен бүгүн Президент катары акыркы ирет сиздерди Эгемендик күнүңүздөр менен  куттуктап жатам.

 Көптөгөн саясатчылар эски тартипти, саясатчылар, чиновниктер элдин эсебинен байып, мамлекеттик кызматта жүрүп мультимиллионер болдум деп сыймыктанган заманды орноткусу келет.  Көптөр,  Акаевдин Айдар Акаев жана башка балдары сыяктуу жана Максим Бакиев жасагандай, Кыргызстанды коммерциялык комокко айландыргысы келет.

Жалгыз жоокер  кол болбойт, дейт элибизде.  Мен жалпы эл  тарабынан шайланган Президент катары ушул жылдары өлкөнүн карапайым калкына таянып келдим. Саясатчы катары өз ишимде, атап айтканда парламентте, биринчи кезекте  өзүмдүн социал-демократиялык партияга таяндым.

Азыр биз шайлоолор башталаарда эле  КСДПнын  президенттикке талапкерине  каршы кампания башталганын көрүп турабыз.  Алардын урааны бир: ким болсо дагы мейли, бирок КСДП талапкери болбосун.

Эмне үчүн? Анткени  КСДП талапкери Президент Алмазбек Атамбаевдин багытын улантат. Анткени өлкөнү саясатчы-коррупционерлерден тазалоо багыты улантылат. Анткени  тышкы саясатта Россия жана Кытай өңдүү жакын боордош кошуналарга  артыкчылык берилет. Анткени  мындан ары дагы уурулук үчүн жооп берүү керек болот.

 Ошондуктан КСДП талапкерине каршы качкын президенттер дагы, убактылуулар дагы, айрым бейөкмөт уюмдарынын  саясатчы сөрөйлөрү дагы, коррупционерлер дагы, олигархтар дагы, алардын телелери жана басмалары дагы  биригип жатышат.

Акыркы 6 жылда өлкөдө  жасалган  жана жасалып жаткан бардык жакшы иштер жокко чыгарылып жатат.  Атамбаев эч нерсе жасаган жок, биз келсек реформа жасайбыз, президенттик бийликти кайтарып келебиз, жана башкаларды ачык айтып жатышат. Муну абдан ыплас жана  кара өзгөй адамдар айтып жатат. Түрдүү жаман ыкмалар пайдаланылып, эч бир тыңгылыктуу жаманчылык табылбаган соң,  Президенттикке талапкердин туугандары жөнүндө жомоктор жазыла баштады.

Эң коркунучтуусу - шайлоолордун жыйынтыгын дескридитациялоо алдын ала даярдалып жатат.  Акыркы жумада  оппозияция деп аталган, чындыгында ээлери бар телеканалдар жана гезиттер аркылуу КСДП талапкерине жеңишти камсыз кылат деген шылтоо менен адмресурстар тууралуу тема абдан катуу кепке алынууда. Бул талашсыз факт катары берилип, ал тургай КСДП талапкери жеңишке жетишкен жагдайда массалык баш аламандыкты уюштуруу варианттары талкуулана баштады.

Болгонду болгондой айткан жакшы.  Ар качан жана кайда болбосун  начальнигине жагам деп же  балким жакшы ой менен президенттик партиянын талапкерине агитация жүргүзгөн бир чиновник болбой койбойт. Кошоматчы келесоо душмандан жаман. Мындай  чиновник сөрөйлөрдү  катуу жазалаш керек.  Бирок  бүгүнкү шарттарда административдик ресурс дээрлик эч нерсе чечпейт. Ал тургай тескери  натыйжа берээри бышык.  Анткени эркиндикти сүйгөн элибиз начальниктерге бөйпөлөктөгөндү жаман көрөт,  ошондуктан тескери жасайт.

Ал аз келгенсип чиновник, губернаторбу же акимби, башкы врачпы же мектеп директорубу, ал шайлоочу менен кошо  добуш берген кабинкага кошо кире албайт.

Добуш берчү кабинкага шайлоочу менен кошо башка ресурс - финансылык ресурс кошо кирет. Добушун сатам дегендер  “сатуучудан”, чөнтөгү калың Президенттикке талапкерден алган акча алат. Добуш берип жаткан учурда шайлоочу менен  кошо анын капчыгында же чөнтөгүндө мына ошол акчалар кошо кирет. Шайлоочулардын добушун сатып алууга айрым талапкерлер  жүздөгөн  миллион сомдорду даярдап жатышат.  Мен добуштарды сатып алуудан  чоочулайм, дал ушул ресурстан чоочулайм  Адамдарды айыптаганга болбойт, анткени  акыркы жылдары  элдер шайлоолорго ишенбей калышты, көптөрү муну бизнеске айландырышкан.

Ошондуктан  кымбаттуу кыргызстандыктар, сиздерге кайрылам! Жүрөгүңөр, абийириңер кандай десе, ошондой  добуш бергиле! Добушуңарды сатпагыла! Шайлоодо сизге  добушуңуз үчүн жүз  доллар берген адам кийин өлкөдөн, Кыргызстан элинен жүз миллиондогон доллар  уурдайт. Өз добушуңарды сатып, сиздер өз өлкөңөрдүн келечегин, балдарыңардын жана неберелериңердин келечегин сатасыңар!

Биз шайлоочулардын добуш берүү процесси  ачык жана адилеттүү болушун камсыз кылабыз. Бирок добуш берчү кабинада  сиз өз абийириңиз  менен жекеме-жеке болуп чечим кабыл аласыз. Жаңылбагыла! Абийириңердин үнүн уккула.

Шайлоолордон кийин баш аламандыктар боюнча мындай деп айтам: Конституцияга ылайык менин ыйгарым укуктарым 1-декабрда аяктайт. 1-декабрга чейин  мен Кыргызстандын Президентимин. Өлкөнү чайкайм же баш аламандык уюштурам  деген бардык аракеттер   катуу теске  салынып, уюштуруучулар катуу жазаланат. Бул жолкуда эч кимге кечирим болбойт.

Урматтуу  мекендештер!

Тынчтык, ынтымак жана туруктуулук  - акыркы жылдары биз жетишкен негизги байлыгыбыз. Өлкөбүз, элибиз, турмушубуз көз көрүнө өзгөрүп жатат.

Биз экономикалык жактан гүлдөп өнүгүүнүн  негизин түптөдүк.

Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары калыптанды!

Президент катары менин негизги милдетим, менин миссиям  мына ушулар болчу деп эсептейм,

Анткени эми өлкөнүн кийинки президенттери күчтүү, гүлдөп өнүккөн мамлекет, эгемендүү Кыргызстанды шашылбай куруу ишин  уланта алат.

Жаңы Президенттин милдети өлкөнүн өнүгүшүнүн стратегиялык алкактарын сактап, башталган улуттук кайра жаралуу процессин  улантууда.  Бул, албетте, коомдук макулдукту, тынымсыз биргелешип эмгектенүүнү жана ар бирибизден тартипти жана жоопкерчиликти талап кылат!

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз эли өзүнүн кылымдарды карыткан тарыхында эмнени гана көрбөдү!

Тоонун чокусуна көтөрүлүп, Улуу Каганат куруп, Шиберден Азияга чейинки жерди ээлеп, ондогон элдерди башкарган доорду көрдү.

Тозоктун түбүнө түшүп, Улуу Каганат тургай, өзүнүн мамлекеттүүлүгүн жоготуп, Чынгызхандан баштап Ак падыша, Сталин заманындагы кыргындарды, үркүндөрдү башынан өткөрүп, кыргыз тилин, кыргыз деген атын да жоготомбу деген каргашалуу күндөрдү да көрдү.

Канча бабаларыбыз, апаларыбыз кыргыз элинин келечеги үчүн, кыргыз көчү сакталсын деп, кыргыздын аты өчпөсүн деп, жанын берди ушул караңгы мезгилде! Бир-эки кылым эмес, миң жылдын ичинде!

Сай бар бекен кыргыз каны акпаган? Кыр бар бекен кыргыз сөөгү жатпаган?

Ошол кандар, ошол жандар текке кеткендей болбосун! Анда бизди урпактар да, Кудай да кечирбейт!

Урматтуу мекендештер!

Кудай колдоп, кыргыз эли өзүнүн эгемендүү мамлекетине ээ болду. Аны да жоготуп ала жаздап, араң сактап калдык. Ошол адашып кете жаздаган кыргыз көчүн түз жолго бурган карапайым кыргыз элине, Мекенибиздин келечеги үчүн өз канын, жанын да аябаган жигиттерибизге таазим этелик!

Урматтуу мекендештерим!

Айланайын кыргыз элим!

Элибиздин ынтымагы, биримдиги – биздин эң кымбат дөөлөтүбүз, келечекке алып бара турган тек жол. “Ырыс алды – ынтымак”, - деп акылман аталарыбыз тегин жерден айткан эмес.

Эгер тарыхты карасак, кыргыздар качан эң күчтүү болушкан? Кантип Улуу Кыргыз Каганатын курган?

Кыргыздар эң оболу өздөрү бир болуп, анан ар кайсы этностордун башын кошуп, биримдикке келгенде гана күчтүү болгон. “Кулаалы таптап, куш кылдым, курама жыйып, журт кылдым!” – деген Манас атабыздын сөзү ошондо айтылган.

Баарыбыз бакубат, өсүп-өнгөн өлкөнү куруу үчүн тилектеш, максатташ бололу. Жергебизге келген жакшылыкты, ооматты улайлы. Биримдикти, ынтымакты сактайлы!

Биз ата-бабаларыбыздын жана балдарыбыздын, келечек муундардын алдында эгемендүү Кыргыз мамлекетин көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз. Кудай бизге бирдиктүү, күчтүү, өнүккөн Кыргыз мамлекетин курууга тарыхый мүмкүнчүлүк берди. Мына ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы.

Кыргызстан азыркы жолунан тайбашы керек. Кадам артынан кадам таштап, чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап, элибиздин биримдигин күндөн-күнгө бекемдеп, бир муштум болуп, бир күч болуп, алга карай кетишибиз керек.

Кыргыз көчү эми эч качан биримдигин жоготуп, жолдон адашып, чачырабашы керек!

Биздин бир гана Мекенибиз бар!

Эгемендүү Кыргызстан!

Мекенибизди көзүбүздүн карегиндей сактайлы!

Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!

Жашасын Эгемендүү Кыргызстан!

Жашасын көп улуттуу Кыргыз Эл!

31-август, 2017-жыл
Басып чыгаруу