Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Япония Императору Акихитону туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Япония Императору Акихитону туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы кыргыз-япон кызматташтыгы мындан ары да өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү диалог багытында өнүгө турганына ишеним билдирди.

«Япония Өкмөтүнүн өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана демократиялык коомду курууга көрсөтүп жаткан колдоосун жана көмөгүн   Кыргыз Республикасы жогору баалайт», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Император Акихитону келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми дос Япония элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

2016-жыл 23-декабрь