Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-декабрда Кыргызстанга расмий визит менен келген Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани менен жолугушту.

Тар форматтагы жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани менен кыргыз жеринде жылуу көрүштү.

«Мен сиз менен кыргыз жеринде көрүшкөнүмө кубанычтамын. Мен ошондой эле Сиз менен эки тараптуу маселелерди, региондук коопсуздук жана экономикалык өнүгүү маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө кубанычтамын», - деди Мамлекет башчысы.

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани өз кезегинде Кыргызстанга расмий визит менен келгенине ыраазы экенин белгиледи.

«Бүгүн биз кыргыз элинин мейманы болгонубузга кубанып турам. Биз дайыма кыргыз элин бирдей окшош цивилизациясы бар, дос эл катары билебиз. Сиздин өткөн жылы Иранга расмий визитиӊиз биздин карым-катнаштардын жаңы горизонтторун ачкан», - деп билдирген  Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани Кыргыз Республикасына ушул расмий визити эки өлкө ортосундагы ар тараптуу карым-катнаштарды өнүктүрүүгө салым кошорун белгиледи.

Андан соӊ жолугушуу кеӊейтилген форматта өтөт.

2016-жыл 23-декабрь