Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Энергетик күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти:

«Урматтуу энергетиктер жана тармактын ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Энергетигинин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Атамекендик энергетика - улуттук экономикабыздын негизги тармактарынын бири. Кесипкөй адистер, алардын кайратман эмгеги өлкөнүн энергетикалык потенциалын арттыруу, бүтүндөй улуттук экономиканы өнүктүрүү боюнча маанилүү милдеттерди чечүүгө өбөлгө болууда.

Кыргызстан тарыхында биринчи жолу накта энергетикалык көзкарандысыздыкка ээ болду. Өзүбүздүн энергетикалык алкакчаны түзүү боюнча стратегиялык долбоор аяктады. Бул чындыгында биздин энергетика үчүн кылымдын долбоору болду. Анын мамлекет үчүн маанисин келечек муундар татыктуу баалайт деп ишенем!

Кезекте жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды киргизүү, иштеп жаткан ГЭСтердин, электр тармактарынын реконструкциясы жана энергоресурстарды үнөмдөө иштери турат. Мунун бардыгы акыры келип адамдарды жарык жана жылуулук менен туруктуу камсыздоого, ишканаларга электр кубаттуулугун үзгүлтүксүз берүүгө мүмкүндүк берет. Ушул кезде Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун жаңылоо иштери активдүү жүрүп жатат. Токтогул ГЭСинин реконструкциялоо жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын орнотуу пландалууда. Борбордук жана Түштүк Азияны туташтырган биринчи энергетикалык CASA-1000  долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүрүүдө.

Кыргызстан бүгүн региондогу гидроэнергетика рыногунда лидерлердин бири гана болбостон, жаңыланма энергетикалык булактарыга бай өлкө болуп саналат. Биздин милдетибиз – жаңы, экологиялык таза технологияларды жаратуу, алардын негизинде бардык жерлерде күндүн энергиясын, чакан дайраларды, шамал энергиясын, геотермалдык суулардын жана биомассалардын энергиясын колдонуу.

Эгерде биз бул милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырсак, жакынкы келечекте Кыргызстан табигый таза электрэнергиясын экспорттоо боюнча регионалдык борборго айланып, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу проблемалардын чечилишине бараандуу салым кошо алат деп ишенем.

Бирок бүгүн кычыраган кыштын шарттарында өлкө жарандары энергетиктерден мурдагыдан да кыйла жоопкерчиликти жана чыдамкайлыкты, калкты электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоону талап кылаарын эстен чыгарбоо керек. Экстремалдык шарттарга карабастан, эскирген жабдыктарды алмаштырууга, авариялык кырдаалдын алдын-алууга байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдү өз убагында чечип, өлкө энергетиктери бул милдетти абийирдүүлүк менен аткарышаарына бекем ишенем.

 Сиздерге чың ден-соолук, бак-таалай, тынчтык, туруктуулук жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                       Алмазбек Атамбаев».

2016-жыл 22-декабрь