Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Берлиндеги трагедияга байланыштуу Германия Федералдык президенти Йоахим Гаукка көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Берлиндеги трагедияга байланыштуу Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти  Йоахим Гаукка көңүл айтты.

«Брайтшайдплац аянтындагы тынч жарандарга каршы кылмышка байланыштуу чын ниетимден көңүл айтуумду кабыл алыңыз.

Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жана колдоомду, ошондой эле бардык жабыркагандарга тез арада сакайып кетишин кааларымды билдирип коюуну өтүнөм», - деп айтылат Президент Алмазбек Атамбаевдин телеграммасында.

2016-жыл 20-декабрь