Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев менен Индия Премьер-министри Нарендра Моди басма сөз үчүн билдирүү жасашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди сүйлөшүүлөр аягында басма сөз үчүн билдирүү жасашты.

Премьер-министр Наренда Моди 2015-жылы июлда Кыргызстанга жасаган расмий визити тууралу жылуулук менен эстээрин билдирди.

«Биздин элдерди көп кылымдык тарыхый алакалар байланыштырып турат. Демократиялык коом куруу биздин жалпы максатыбыз болуп саналат. Демократиянын бекем пайдубалын куруу үчүн болгон күч-аракетин жумшап жаткан Алмазбек Атамбаевдин эмгеги баалоого татыктуу», - деп белгиледи Индия Премьер-министри.

Нарендра Модинин айтымында, Президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөр маалында эки тарап үчүн кызыктуу саналаган маселелердин кеӊири спектри боюнча талкуу жүрдү. 

«Биз өз өлкөлөрүбүздүн терроризм, экстремизм жана радикализм менен күрөшкө катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкууладык. Биз региондогу коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биргелешип күч-аракет көрүүгө тийишпиз деген макулдашууга келдик. Индия Кыргызстанды Борбор Азиядагы туруктуулукту чыӊдоо ишинде шерик катары карайт», - деди Нарендра Моди. 

Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде мамлекеттик визит менен келүүгө чакырганы үчүн Индия Премьер-министрине ыраазылыгын жолдоду.

«Биз, Кыргызстан жана Индия, адам укуктары, сөз эркиндиги, демократия жана мыйзамдын үстөмдүгү деген улуу баалуулуктарды жактайбыз. Эми экономика жаатында алакаларыбыздын жанданышын каалар элек», - деген Мамлекет башчысы ишкерлерди колдоо боюнча Кыргыз-Индия фондун түзүү боюнча келишим бар экенин кабарлады. 

«Биз товар жүгүртүүнү кескин көтөрүшүбүз керек. Азыркы көрсөткүчтөр бизди канааттандырбайт. Биз логистика маселесин да талкууладык»,- деди Мамлекет башчысы. 

Жолугушуу маалында Президент Алмазбек Атамбаев быйыл 20-декабрда, визит тушунда  хинди тилинде жарык көргөн «Манас-Семетей-Сейтек» үчилтигин Индия Премьер-министри Нарендра Модиге белек кылды.

Нарендра Моди болсо  визит алдында чыккан «Индия акындарынын поэмалары жана ырлары» - «Өмүр боёктору» китебин белекке тартуулады.


2016-жыл 20-декабрь