Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун жана гибриддеринин үрөнүн өндүрүүнү көп тараптуу мамлекеттер аралык адистештирүү жана жеткирип берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн көчөт материалдарынын сортторунун  жана гибриддеринин үрөнүн өндүрүүнү көп тараптуу мамлекеттер аралык адистештирүү жана  жеткирип берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 16-ноябрында кабыл алынган.

Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагынын үрөнчүлүк секторуна айыл чарба продуктыларынын, мөмө-жемиш жана жүзүм өсүмдүктөрүнүн сортторунун үрөндөрүн  жана гибриддерин өндүрүүнү жана  алып келүүнү көп тараптуу мамлекеттер аралык адистештирүү чөйрөсүндө КМШ мамлекеттери менен кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 20-декабрь