Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Борбордук Азия үчүн экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев « Бишкек шаарында 2017-жылдын 9-январындакол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу»  Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 28-июнунда  кабыл алынган.

Алкактык макулдашуунун негизги максаты Кыргыз Республикасынын калкын мурда уран өндүрүлгөн жана иштелген аянттардагы радиациялык нурлануудан коргоону камсыз кылуу боюнча кырдаалды жакшыртуу, ошондой эле операцияларды жүргүзүү жана каражаттарды бөлүштүрүү үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында Экологиялык реабилитациялоо эсебин ачуу болуп саналат, каражаттар Эсептин донорлору тарабынан бөлүнөт жана кызматташуу максаттарына, атап айтканда: Кыргыз Республикасында мурда уран өндүрүлгөн объекттерди реабилитациялоо долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоого же тең каржылоого чыгымдалат.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын негизги көңүлү экологиялык таасирди жана техникалык-экономикалык негиздемени баалоодон кийин урандын калдыктары бар жогорку артыкчылыктуу объекттерге багытталат. Калыбына келтирүү долбоолорунун артыкчылыгы каражаттар болгон шартында Донорлор ассамблеясы тарабынан аныкталат.

Алкактык макулдашууну ратификациялоо Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Эсептин ресурстарынан каржылоо каражаттарын акысыз негизде бөлүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз учурунда долбоорду ишке ашыруу үчүн эмгек акысын төлөө менен жумуштарды аткаруучу персонал түрүндө ресурстарды берүүгө жана өзүнүн иштерин аткаруу үчүн инфраструктураны камсыздоого милдеттүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

3-август, 2017-жыл
Басып чыгаруу