Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды КР Жогорку Кеңеши 2016-жылдын 1б-ноябрында кабыл алган.

Мыйзамдын максаты түзөтүү мекемелелеринде жана тергөө изоляторлорунда камакта кармалган адамдарга тыюу салынган предметтерди жана заттарды бергендиги үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, ошондой эле жазык-аткаруу тутумун Юстиция министрлигинин юрисдикциясынан чыгарууга байланыштуу мыйзам ченемдерин  иретке келтирүү болуп саналат.

Бул Мыйзам түзөтүү мекемелелеринде жана тергөө изоляторлорунда камакта кармалган адамдарга тыюу салынган предметтерди жана заттарды берген адамдардын жоопкерчилигин күчөтүү жагында Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Ошондой эле жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана ага жанаша жайгашкан аймакта кароо жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарды аткарбагындыгы үчүн административдик жоопкерчиликти белгилейт.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 17-декабрь