Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттин статусун алуу максатында Индия Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттин статусун алуу максатында Индия Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду  ратификациялоо тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды КР Жогорку Кеңеши  2016-жылы 14-декабрда кабыл алган.

Меморандум ал күчүнө киришине зарыл ички мамлекеттик жоболор ШКУга мүчө мамлекеттер жана Индия Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралу кат жүзүндөгү акыркы кабар ШКУнун Секретариаты алгандан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Меморандумда Индиянын укуктары менен милдеттенмелери, үлүш салымынын проценти каралган. ШКУда Кыргыз Республикасынын үлүш салымынын көбөйүшү каралбайт.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 17-декабрь