“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-июнунда  кабыл алынган

Мыйзам  баалуу металлдар, асыл таштар жана буюмдар менен иштегендерге карата белгиленген тартипти, инструкция жоболорун бузгандыгы үчүн 376-статьяда каралган административдик жоопкерчиликтен, административдик жазалардын ичинен белгилүү бир ишкердик менен алектенүү укугун берген лицензиядан ажыратуу жобосун жокко чыгарган.  Анткени  «Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму  жөнүндө» 2013-жылдын 19-октябрындагы №195 мыйзамына ылайык, баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан буюмдарды жасоого байланыштуу ишмердик лицензияланбайт.

Администрациялык  жоопкерчилик жөнүндө Кодекстин 537-статьясына  өзгөртүү киргизилет, ага ылайык, административдик укук бузуулар тууралуу иштерди карап, административдик жаза колдонууга укугу бар ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин аталышы такталат. Мындай укуктарга «баалуу металлдар  жана асыл таштар менен операцияларга байланышкан маселелерди жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси укуктуу».

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

2-август, 2017-жыл
Басып чыгаруу