Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевге тик учактын кыйрашына байланыштуу көӊүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевге 18-октябрда адам курмандыктарына алып келген Өзбекстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тик учагынын кыйрашына байланыштуу көӊүл айтты.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өз атыман курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтуу жана колдоо сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

2016-жыл 20-октябрь