Жылдыз Сманбаева Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Сманбаева Жылдыз Аскарбековна өз арызы менен  ээлеген кызматынан бошотулду.

15-июль, 2017-жыл
Басып чыгаруу