Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-июлда, өлкөбүздүн финансы  министри  Адылбек Касымалиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Мамлекет башчысына үстүбүздөгү жылга республикалык бюджеттин аткарылышынын жүрүшү, ошондой эле  анын киреше бөлүгүн бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана кийинки жылга республикалык бюджеттин алдын ала параметрлери туурасында маалымат берилди.

Адылбек Касымалиев  Президентке  бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугун  жогорулатуу, жарандар алдындагы социалдык милдеттенмелерди  аткаруу жана  бюджетти толуктоонун механизмдерин мындан ары өркүндөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер туурасында дагы  маалымдады.

Президент Алмазбек Атамбаев  макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик башка органдар менен бирге шайкеш иш жүргүзүүнү камсыз кылуу зарылчылыгын баса белгиледи. 

 

14-июль, 2017-жыл
Басып чыгаруу