2017-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин отуруму өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында 2017-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлөт.

Отурумда төмөндөгү маселелер каралат:

- Кыргыз Республикасында жол кыймылынын  коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар тууралуу;

- Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар тууралуу;

 -Кыргыз Республикасынын стратегиялык обьектилеринин  Тизмесине сунуштамалар тууралуу.

                          

13-июль, 2017-жыл
Басып чыгаруу