Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Оштун ТҮРКСОЙ тарабынан “Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору” катары жарыяланышы - мыйзам ченемдүү көрүнүш!

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде, «Ош — түрк дүйнөсүн маданий Борбору» ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:
«Кадырлуу мекендештерим!
Урматтуу бүгүнкү аземдин катышуучулары!
Азиз меймандар!
Бүгүн Ордолуу Ош шаарында чоң майрам!
„Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору“ салтанатына кош келиӊиздер!
Түрк дүйнөсүндө орошон орду бар Ош шаары „Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору“ деп жарыяланды.
Кыргызстандын көп улуттуу эли үчүн ТҮРКСОЙ Эл аралык уюумунун бул чечиминин маданий жана саясий мааниси чоң.
Бүгүн түрк дүйнөсүнүн желеги кыргыз асманында, Байыркы Ошто желбиреп турат.
Жалпы түрк маданиятын бириктирген бүгүнкү майрам өзгөчө салтанаттуу маанайда өтүп жатат.
Бүгүнкү салтанатка жыйырмадан ашык өлкөлөрдөн ардактуу конокторубуз келишти.
Жалпы түрк дүйнөсүнүн маданият чеберлери чогулду.
Алардын арасында Азербайжан, Босния, Казакстан, Македония, Өзбекстан, Россия, Сербия, Түркмөнстан, Түркия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү бар.
Байыркы шаарыбыздын салтанатына ЮНЕСКО, ИСЕСКО жана башка абройлуу эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышып жатышат.
Муну биз бир тууган элдердин зор колдоосу деп билебиз.
Бүгүнкү иш-чаранын маанисине берилген бийик баа жана урмат-сый деп кабыл алабыз.
Ошту түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору деп жарыялап, аны дүйнөгө жар салган ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна жана анын баш катчысы Дюсен Касеиновго терең ыраазычылык билдиребиз!
Урматтуу салтанаттын катышуучулары!
Кадырман коноктор!
Ордолуу Ош — Борбордук Азиядагы үч миң жылдан ашкан тарыхы, маданияты жана өтө бай салттары бар эң байыркы шаар.
Ош шаары континенттер аралык байыркы Улуу Жибек жолунун чордонунда жайгашкан.
Ал чөлкөмдө гана эмес, дүйнөдөгү ири соода, социалдык-экономикалык жана маданий борборго айланган.
Ош шаарында түрдүү саясий системалардын, маданияттардын, диний конфессиялардын, чыгыш менен батыш цивилизацияларынын карым-катнашы жүргөн.
Эзелтен бери түрдүү цивилизациялар айкалышкан шаарга айланган.
Ар түрдүү маданияттардын үлгүлөрүн өзүнө сиңирип, башка чөлкөмдөргө таркаткан.
Ош шаары ири диндердин — зороастризм, буддизм, христиан жана исламдын бир эле учурда тынчтыкта өкүм сүрүшүнүн үлгүсү болгон.
Ош — Сулайман пайгамбар из калтырган ыйык жер.
Атактуу Бабур жашап өткөн касиеттүү шаар.
Анын тарыхы даңазалуу Сулайман падышанын ысмы менен байланышкан.
Байыркы шаарыбыздын тарыхында Тимуриддердин династиясынан чыккан — Захиреддин Мухаммад Бабурдун өмүр таржымалы өзгөчө орунду ээлейт.
Ал Ошту ажайып кооз, бейиш жери катары сүрөттөгөн.
Ушул чөлкөмдү байырлап, өзүнүн өлбөс-өчпөс Бабур-Намэсин жараткан.
Байыркы Оштун байманалуу тарыхы араб, перс, европа элдеринин эң атактуу окумуштуулары менен тарыхчыларынын эмгектеринде ташка тамга баскандай жазылып калган.
Ошто нечен даанышман ойчул-окумуштуулар, теологдор, ислам аалымдары жана чыгаан акындар жашаган.
Орто кылымдарда Оштун өзүнөн атактуу даанышман аалым Омар ибн Муса аль Оши чыккан.
Мусулмандар дүйнөсүнө Сиражиддин деген ат менен даңкы чыккан, XII кылымда өмүр сүргөн аалым Али ибн Осман да Ош жергесинен.
Анын „Фетави Сиражите“ же „Сиражуддиндин фатвасы“ деген кол жазмасы 1827-жылы Калькуттада жарык көрүп, ал эми 1915-жылы Англияда кайрадан басылып чыккан.
Ал эми дагы бир мекендешибиз Абдаллах аль Оши ошол кездеги Багдаддын илимий чөйрөсүнө чыгаан теолог, окумуштуу катары таанылган.
Ал Багдаддын илимий борборлорунда дарс окуган.
Бул тарыхый маалыматтар шаарыбыздын эзелтен эле илим жана билим борбору болгонунун далили.
Ош шаарынын айланасында биздин заманга чейинки 4-5-кылымдарга таандык ондон ашык чептердин калдыктары бар.
Алар дүйнө жүзүндөгү археологдордун кызыгуусун арттырып келет.
Биздин күндөрдө орто кылымдарда курулган шаардагы отуздан ашык тарыхый эстеликтер жана баалуу мурастар калыбына келтирилген.
Шаардын аймагындагы Сүрөттүү ташта, Сулайман Тоодогу адам колу менен тартылган байыркы сүрөттөрдө „Асман аттары“ аталышы менен ааламга даңазасы кеткен Даван күлүктөрү, Күн Адамынын элестери чагылдырылган.
Бул сүрөттөгү таштар Ош аймагында байыркы маданияттын алгачкы башаты жаралгандыгынан кабар берет.
Урматтуу салтанаттын катышуучулары!
Ош — Улуу Жибек жолунун эң башкы артериясы.
Бул чөлкөм аркылуу соода кербендери Батыш менен Чыгышты байланыштырып турган.
Шаардын Улуу Жибек Жолунун тоомунда орун алышы анын саясий, соода-экономикалык жана маданий ролун жогорулаткан.
Оштун базарлары менен кербен сарайлары байыртан даңазаланып келген.
Ал ар кайсы маданияттар менен улуттарды бириктирип, жакындатып, Чыгыш менен Батыштын көпүрөсү катары кеңири таанылган.
Урматтуу мекендештерим!
Атактуу Манас бабабыздын ысмы да Ош менен байланышы бар.
»Манас« эпосунда Ош, Анжыян, Аксы, Өзгөн шаарларынын, Алай, Кара-Кулжа аймагынын атылышы, жер-суу аттары бул сөзүбүздү ырастап келет.
Ардактуу меймандар!
Ош — бир нече маданияттардын өзгөчө катмарын көргөн.
Караханиддер жана Кокон хандыгынын доору Ош шаарынын этаптуу мезгилин мүнөздөйт.
Ошол кезде тарыхый, маданий-архитектуралык имараттар, мечиттер, медреселер курулган.
Ош Фергана чөлкөмүндөгү ири шаар катары өсүп чыккан.
Оштун тарыхы кыргыз элинин абройлуу башчылары, элибиздин, жергебиздин тарыхында, саясий аренасында өчпөс из калтырган чыгаан инсандардын аттары менен тыгыз байланышта.
Алар — белгилүү Кубат бий, Ажы бий, Алымбек датка, Нүзүп бий, Алымкул аскер башы, Курманжан датка, Полот хан жана башкалар.
Алымбек датка 1832-жылы 32 жашында Анжиян вилайетине бек болуп дайындалган.
Вилайеттин саясий-административдик борбору — Ош шаарынын так ортосуна өзүнүн Ак ордосун жайгаштырган.
Ушул жерде Курманжан датка энебиз менен бирге кадырлуу конокторду, абройлуу ишмерлерди, элчилерди кабыл алышкан.
Көптөгөн тарыхый, саясий, социалдык-экономикалык маселелерди чечип турушкан.
Ош байыртадан — Кубат бий, Ажы бийдин доорлорунда эле кыргыздардын тарыхый, саясий, административдик борбору катары таанылган.
Урматтуу салтанаттуу аземдин катышуучулары!
Кадырлуу коноктор!
Байыркы ордолуу Ош Борбор Азиядагы өнүккөн шаарлардын бири.
Ош шаары өлкөнүн тарыхы менен, тагдыры менен канатташ жашады. Шаардын тагдыры элдин тагдыры менен үндөш болду.
Шаардын тарыхый бурулуш мезгили совет дооруна туура келет.
Кол өнөрчүлүк өндүрүштөн ири завод-фабрикалардын шаарына айланды. Текстиль өнөр жайы, оор машина куруу тармагы жанданды.
Социалдык-маданий инфраструктура өзгөрдү. Билим жана маданий мекемелери көбөйдү.
Жогорку окуу жайлар, профессионалдуу драма театрлар, филармония, кинотеатрлар ачылды.
Доор алмашкан сайын, күнөстүү Ош шаары да жаңырууда.
Шаар өзүнүн социалдык биографиясын өзгөртүп, өнөр жай мегаполиси болуп калды.
Ош шаарына 2003-жылы мамлекеттик маанидеги макам берилип, шаар республикалык өзгөчө маанидеги шаарга айланды.
Меймандос, өзгөчө колориттеги, ыргактагы, динамикалуу өнүгүп бараткан Ош шаары — администрациялык-саясий, экономикалык, илим-билим берүүчү, руханий жана тарыхый маданий борбор болуп саналат.
Акыркы жылдары жалпы өлкөбүздөгүдөй эле Ош шаарында да ишкерлик жанданып, туризм, соода өнүгүүдө.
Жолдор оңдолуп, жаңы социалдык обьектилер салынып жатат.
Башка чоң шаарлардагыдай эле Ошто дагы көйгөйлөр аз эмес. Ынтымак жана биримдик болсо, алар сөзсүз чечилет.
Шаардын келечеги кең экендигине мен терең ишенем.
Урматтуу мекендештерим,
Ардактуу меймандар!
Байыркы шаарыбыз тарыхында далай сыноолорду баштан кечирди.
Бирок кыйын кезеңдерде Оштун көп улуттуу эли ар дайым сабырдуулукту, ынтымакты жана биримдикти сактап келди.
Байыркы шаардын бай тарыхы, түптүү маданияты, салты, ошондой эле жаркын келечекке умтулган эмгекчил эли бар.
Ош шаарынын эли тынчтыктын баасын билген, ынтымакты жогору баалаган эл.
Оштун куту — меймандос, көкүрөгү ачык, дили таза элинде!
Урматтуу мекендештерим,
Кадырлуу меймандар!
Ош шаары дүйнөгө белгилүү жазуучу, гуманист, философ, атактуу жердешибиз Чыңгыз Айтматовдун ысмы менен да терең байланышкан.
Мына ушул байыркы шаарыбызда кичинекей Чыңгыздын балалык көз карашы калыптанган.
Ош — Айтматовдун балалыгынын шаары.
Урматтуу салтанаттын катышуучулары!
Ар бир шаардын өзүнө таандык жана мүнөздүү символу болот. Байыркы Оштун символу бул — Ыйык Сулайман Тоо.
Бул касиеттүү тообуз 2009-жылы ЮНЕСКО тарабынан Бүткүл Дүйнөлүк Адамзаттык мурас катары таанылды.
Ал дүйнөлүк материалдык мурастар тизмесине кирди.
Дүйнөдө „Ыйык Тоо“ деп аталган үч обьекти болсо, анын бири — Сулайман-Тоо.
Сулайман-Тоо — Кыргызстан эли гана эмес, дүйнө элдеринин ыйык маданий мурасы жана сыймыгы.
Мына ушулардын баарын эске алганда ордолуу Оштун ТҮРКСОЙ тарабынан „Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору“ катары жарыяланышы мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Байыркы түрк цивилизациясынын эӊ этаптуу окуялары, тарыхый процесси Ош аркылуу өткөн.
Бүгүн түрк маданиятын алып жүргөн боордошторубуз үч миң жылдан ашык тарыхы бар касиеттүү Ош шаарында маданият туусунун алдында бирикти.
Алар түрк дүйнөсүнүн биримдигин жана маданиятын жар салып, жалпы дүйнө элдерин ынтымакка жана тынчтыкка үндөшөт. Урматтуу салтанаттын катышуучулары!
Маданияттын башкы миссиясы — Адамдагы адамдыкты, руханий баалуулуктарды, гуманизм идеяларын, тынчтык менен биримдикти, маданий көп түрдүүлүктү жана толеранттуулукту сактап калуу.
Ушул ыйык милдетти Байыркы Ош, касиеттүү Ыйык шаарыбыз аркалап жатат.
Биздин майрамга келген бардык өнөр адамдарына, алыс-жакындан келишкен ардактуу меймандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!
Ош — Түрк дүйнөсүнүн Маданий борбору салтанатын ачык деп жарыялайм!
Бүгүнкү салтанатыбыз кут болсун!»

2019-жыл 20-апрель