Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.

Жолугушууда Коргоо кеңешинин катчысы Мамлекет башчысына укук коргоо жана күч органдары тарабынан терроризмге каршы чаралардын натыйжалуулугун арттыруу, мамлекеттик чек араны жана өлкөдөгү стратегиялык объектилерди коргоону күчөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев дүйнөдө болуп жаткан окуялар Кыргызстанда терроризмге каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттыруу жана террористтик топтор, алар менен байланышкан уюмдардын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча иштиктүү чараларды кабыл алуу зарылдыгын көрсөтүүдө деп белгиледи. 

«Мамлекет өлкөнүн жана Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү жана камсыз кылат», - деди Президент.

 Мамлекет башчысы Кыргызстан терроризмдин баардык көрүнүшүн чечкиндүү түрдө айыптайт жана бул коркунучка каршы болгон аракетин улантат деп баса белгиледи.

2015-жыл 19-ноябрь