Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “ 2014-жылдын 25-июнунда Джидда  шаарында кол коюлган  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  менен  Ислам өнүктүрүү банкынын (Өнүктүрүү үчүн Ислам Тилектештиги фондунун администратору катары) ортосундагы “Кыргыз Республикасында  айылдарды туруктуу өнүктүрүү”  долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик  макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер  министрлигине көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы  тарабынан  аткарылганы жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкына (Өнүктүрүү үчүн Ислам Тилектештиги фондунун администратору катары) белгиленген тартипте  кабарлоо милдети тапшырылды

Мыйзам расмий жарыяланган  күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 
2015-жыл 16-июль