Президент Алмазбек Атамбаевдин Индияга сапарынын жыйынтыктары

2016-жылынын 18-21 декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Индия Республикасына мамлекеттик визити болду. 

Индия Президенти Пранаб Мукерджи жана Индия Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуу аземи 

Индия Республикасына мамлекеттик визиттин алкагында  20-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Индия Республикасынын Президенти Пранаб Мукерджи жана Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу азем «Раштрапати Бхаван» президенттик сарайында болду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кортежи атчан эскорттун коштоосунда президенттик сарайдын борбордук дарбазасы аркылуу кирип келгенде президенттик Гвардия замбиректерден 21 жолу залп берди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Индия Республикасынын Президенти Пранаб Мукерджи жана Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди тосуп алышты.

Протоколдук сүрөткө түшүүдөн кийин эки өлкөнүн гимндери жаңырды. Андан соң Мамлекет башчысы Индия Республикасынын аскерлеринин үч түрүнөн куралган катарды кыдырып чыкты.

Президент Алмазбек Атамбаевди тосуп алуу аземинин жүрүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү андан бул мамлекеттик визиттен эмнелерди күтө турганы жөнүндө суроо беришти.

Мамлекет башчысы бул визит Кыргызстан менен Индия ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү болот деп үмүттөнөөрүн билдирди. 

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Индия миллиарддан ашык калкы бар чоң мамлекет. «Биздин өз ара мамилелерде динамикалуу өнүгүү жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн пайдаланыла элек чоң мүмкүнчүлүктөр бар», - деди Президент. 

Махатма Гандинин Мемориалына гүл коюу аземине катышуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  20-декабрда Махатма Гандинин Мемориалына гүл коюу аземине катышты.

Махатма Гандинин Мемориалына гүлчамбар коюп, Президент Алмазбек Атамбаев Мемориалдын мармар ташына гүл желекчелерин септи.

Андан ары Мамлекет башчысы Махатма Гандинин Мемориалындагы ардактуу коноктор китебинде жазуу калтырды. 

Индия Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуу 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 20-декабрда Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

Жолугушуу маалында тараптар Кыргызстан менен Индияны салттуу достук алакалары, байыртан келаткан маданий-тарыхый карым-катыштар байланыштырып турарын, эки өлкөнүн демократиялык мамлекеттер экенин белгилешти. Бул факторлор эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө бекем негиз болуп саналат.

Тараптар саясый диалогду, БУУ жана ШКУ алкагында өз ара байланыштардуу чыӊдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты жандантуу, соода жүгүртүүнү арттыруу, ошондой эле айыл чарба, саламаттык сактоо,  IT технологиялар, коопсуздук, коргонуу жана тоо-кен өнөр жай тармактарында кызматташтыкты жолго салуу боюнча келишимдерге жетишти.

Андан тышкары жолугушууда Индия тарап онкологиялык ооруларды дарылоо боюнча наркы  1,5-2 млн АКШ долларына барабар Bhabhatron медициналык жабдууну Кыргызстанга берүү тууралу чечимин билдирди. 

Президент Алмазбек Атамбаев менен Индия Премьер-министри Нарендра Моди басма сөз үчүн билдирүү жасашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди сүйлөшүүлөр аягында басма сөз үчүн билдирүү жасашты.

Премьер-министр Наренда Моди 2015-жылы июлда Кыргызстанга жасаган расмий визити тууралу жылуулук менен эстээрин билдирди.

«Биздин элдерди көп кылымдык тарыхый алакалар байланыштырып турат. Демократиялык коом куруу биздин жалпы максатыбыз болуп саналат. Демократиянын бекем пайдубалын куруу үчүн болгон күч-аракетин жумшап жаткан Алмазбек Атамбаевдин эмгеги баалоого татыктуу», - деп белгиледи Индия Премьер-министри.

Нарендра Модинин айтымында, Президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөр маалында эки тарап үчүн кызыктуу саналаган маселелердин кеӊири спектри боюнча талкуу жүрдү.

«Биз өз өлкөлөрүбүздүн терроризм, экстремизм жана радикализм менен күрөшкө катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкууладык. Биз региондогу коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биргелешип күч-аракет көрүүгө тийишпиз деген макулдашууга келдик. Индия Кыргызстанды Борбор Азиядагы туруктуулукту чыӊдоо ишинде шерик катары карайт», - деди Нарендра Моди.

Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде мамлекеттик визит менен келүүгө чакырганы үчүн Индия Премьер-министрине ыраазылыгын жолдоду.

«Биз, Кыргызстан жана Индия, адам укуктары, сөз эркиндиги, демократия жана мыйзамдын үстөмдүгү деген улуу баалуулуктарды жактайбыз. Эми экономика жаатында алакаларыбыздын жанданышын каалар элек», - деген Мамлекет башчысы ишкерлерди колдоо боюнча Кыргыз-Индия фондун түзүү боюнча келишим бар экенин кабарлады.

«Биз товар жүгүртүүнү кескин көтөрүшүбүз керек. Азыркы көрсөткүчтөр бизди канааттандырбайт. Биз логистика маселесин да талкууладык»,- деди Мамлекет башчысы.

Жолугушуу маалында Президент Алмазбек Атамбаев быйыл 20-декабрда, визит тушунда  хинди тилинде жарык көргөн «Манас-Семетей-Сейтек» үчилтигин Индия Премьер-министри Нарендра Модиге белек кылды.

Нарендра Моди болсо  визит алдында чыккан «Индия акындарынын поэмалары жана ырлары» - «Өмүр боёктору» китебин белекке тартуулады. 

Президент Алмазбек Атамбаевдин Индияга мамлекеттик визитинин алкагында кол коюлган эки тараптуу документтер менен алмашуу аземи 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Индияга мамлекеттик визитинин алкагында кол коюлган эки тараптуу документтер менен алмашуу аземи болду.

Кол коюлган документтер:

1.Өкүлдөрдүн Биргелешкен билдирүүсү;

2. КР Өкмөтү менен Индия Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу Меморандум;

3. КР Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агентчилик менен Индия Жаштар жана спорт министрлиги ортосунда жаштар саясаты чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу Меморандум;

4. КР Айыл чарбасы, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Индия Республикасынын айыл чарбасы жана фермерлердин бакубатчылыгы министрлиги ортосунда айыл чарбасы жана тамак-аш өнөр жай чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Келишим;

5. Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз аскер лицейи менен Индия Республикасынын Улуттук кадет корпусу ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

6. КР ТИМ Дипломатиялык академиясы менен Индия ТИМ Тышкы байланыш институту ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

7. Телерадиоберүү жана аудиокөрсөтүү продукциялары менен алмашуу чөйрөсүндө УТРК менен «Прасар Бхарати» ортосунда  өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

Индия Вице-Президенти Хамид Ансари менен жолугушуу 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 20-декабрда Индия Республикасынын Вице-Президенти Хамид Ансари менен жолукту.

Жолугушууда эки өлкө элдеринин ортосундагы тарыхый байланыштарды, ошондой эле Кыргызстан менен Индия ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү үчүн бекем база түзүлгөнүн эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик визити ар кыл багыттар боюнча кыргыз-индиялык байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү болору тууралуу бир пикирден белгиленди.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев биринчи кезекте соода-экономикалык кызматташтыкты илгерилетүүнүн зарылдыгын белгилеп, кеңири спектрдеги маселелер боюнча өз ара аракеттешүүнү активдештирүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Индия Вице-президенти Хамид Ансари ошондой эле эл аралык жана регионалдык маанидеги олуттуу маселелер боюнча жана аймактагы диний абалдын өнүгүү тенденциялары, анын ичинде терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүгө байланыштуу маселелер жөнүндө пикир алмашышты.

Кыргыз-индия бизнес-форумуна катышуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 21-декабрда  Индия Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында кыргыз-индия бизнес-форумуна катышты.

Мамлекет башчысы чын пейилден жылуу кабыл алганы үчүн индиялык тарапка ыраазылык билдирди.

Президент ишкерлер туш болуп жаткан кыйынчылыктар менен проблемаларды жакшы билерин айтты.

 «Менин саясатта жүргөнүмө көп болду, эки жолу премьер-министр болгом, оппозицияда жүрдүм. Бирок саясий карьерам мен бизнесмен кезимден башталган. Өлкөбүз көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин Кыргызстанда алгачкы жеке бизнес ачкандардан болчумун. Мен ишкерлердин башына келчү кыйынчылыктардын баарын көрдүм», - деди Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө бизнести өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүнү көптөн бери максат койгонун белгиледи. «Мен Кыргызстанда бизнесмендерди кайра-кайра текшерип, пара талап кылбастан,  аларга өлкөнү багып жаткан адамдар катары мамиле жасалган маанайды жаратууга ар дайым умтулуп келгем», - деди ал.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, чет жердик жана атамекендик басма сөздө Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду Президенттин ыйгарым укуктарын узартуу үчүн өткөрүп жатат деп жазышты.

«Эгер мен ошону кааласам, анда Кыргызстанда Президент сан жеткис шайлангыдай кылууга жетишмекмин. Гэллап институтунун маалыматы боюнча, Президентти калктын 80 % колдойт. Бирок ага карбастан, мен Кыргызстанда жана Борбор Азияда Президенттин ыйгарым укуктарын тынч жол менен өткөрүп берүү мисалын жараткым келди», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президенттин ою боюнча, өлкөдө бизнес бийликте ким турбасын, анын көзүн кароого тийиш эмес. Ал ошондой эле укук коргоо органдарынын реформасы тууралу сөз кылып, ишкерлерди бир гана салык кызматы текшере турганын белгиледи.

«Менимче, биз региондо бизнес эң мыкты корголгон өлкө болобуз. Бизнес Европадагыдай корголушун тилек кылар элем», - деген Алмазбек Атамбаев быйыл биринчи жолу чакан жана орто бизнеске жылына 4-5 % менен 10 млрд сом бөлүнгөнүн кошумчалады. Кыргызстанда бизнести колдоо фондун түзүү боюнча дагы бир мамлекет менен келишим бар экенин Президент белгилей кетти.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, ЕАЭБ жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн көп миллиондуу рыногуна ачкыч Кыргызстандын колунда турат. Ал индиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлиги менен Президенттин Аппаратына Индия жарандарынын виза алуу жол-жоболорун жеӊилдетүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

22-декабрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу